Биздин медициналык борборго бел оорусунун бардык түрлөрү боюнча кайрылууга болот.
Реабилитациялык борбордогу негизги дарылоо процесстери.
1. Дарыгер дарылоо программасын дайындагандан мурун бейтапты текшерип, анын оору тарыхын изилдейт;
2. Бейтап кинезиотерапия залында машыгып көрөт. Андан кийин ага зарыл көнүгүүлөр комплекси тандалып, сабактардын жыштыгы аныкталат;
3. Дарылоо курсу ар бир бейтап үчүн өзүнчө программа боюнча жүргүзүлөт. Ал дарыгердин жана инструктордун көзөмөлүндө атайын жабдылган залда өтөт. Алар көнүгүүлөрдү туура аткарууну жана бейтаптын абалын көзөмөлдөп турушат. Дарылоо курсу адатта 12-36 сабакты камтыйт;
4. Программа аяктагандан кийин дарыгер акыркы текшерүү жүргүзүп, бейтапка өз алдынча жасоо үчүн көнүгүүлөрдүн комплексин берет.
Калыбына келүү учурунда дарыгерлердин сунуштарын так аткаруу маанилүү.
Записаться на прием можно по тел.: 0550 46 00 88 (Whatsapp); 0702 46 00 88 (Whatsapp); 0777 46 00 88
Будем рады Вам по адресу:г. Бишкек, ул. Севастопольская 33/1 (между проспектом Ч. Айтматова и ул. Ш. Руставели). Ориентиры: БГУ, Байчечекей.
Рабочее время: Пн-Сб 09:00-18:00